Кашка-Сууну өнүгүү жолуна салган милиционер. Салайдин Бакиров алыскы айыл көйгөйлөрүн кантип чечип жатат?

Республикалык казынанын гана көзүн карабаган айыл өкмөт

Сырттан караган адамга Кашка-Суу каатчылыкта отурганы байкалбайт. Таза суу чыгып, бала бакчалар четинен салынып, жолдор асфальтталуу алдында турат. 40 жылдан бери убадаланган “Ленин” чокусуна түз алып барчу көпүрө да ушундай кырдаалда курулуп жатат. Объекттердин баары 14чү айыл өкмөт башчы Салайдин Бакировдун тушунда аткарылууда.

Ийгиликтүү жетектөөнүн башталышы оңойго турган жок. Каарманыбыз дароо эле өздөштүрүп кетти дегенден алыспыз. Ал күч түзүмдөрүнүн адамы эле. Кылмыш менен алышып жүрүп, элет башкаруу тажрыйбасы болгон эмес. Изденүүнүн арты кыйынчылыктарды жеңип кете алды.

Инвестиция

Көйгөйлөрдүн четинен чечиле башташы иш билгиликке гана байланыштуу эмес. Каарманыбыз республикалык бюджетти гана тиктеп отурбай, бейөкмөт уюмдар менен иштешүүдө. Ал жетектегенден бери долбоорлор тартылып, кошумча каржы кирди.

Сырттан тартылган каржы эң оболу Кашка-Сууда социалдык мекемелерди курууга жумшалып жатат. Анткени бала бакча зарылдыгы курч эле. Ушул көйгөй биринчилерден колго алынып, эки объект удаалаш курулуп кетти. Бири пайдаланууга берилсе, экинчисинде иш кызуу.

Кышы баткак, жайы чаңдан арылбаган айыл

Айыл өкмөт башчы жол оңдоого да кайдыгер эмес. Көп жылдардан бери көңүл бурулбай келген ички көчөлөргө асфальт төшөлмөк болуп турат. Аныктоо иштери бүтсө, 2 жылга жетпей 6 көчө толук кандуу оңдолот. Чечимин тапкан маселелердин баш сабында чейрек кылым дегенде салынып жаткан көпүрө да турат. Июнга убадалган өтмөк туризм жана мал чарбачылыгына жакшы мүмкүнчүлүк түзөт. Мындан эл жайлоого айланбай каттаса, альпинисттер болсо “Ленин” чокусуна түз бара алышат.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген