Каржы полициясы Ош шаарындагы экономикалык контрабанданын бетин ачты

Ош шаарындагы «Достук» өткөрүү жайынан Өзбекстандан мыйзамсыз өтүп келе жаткан жүк ташуучу унаа кармалды. Бул боюнча Каржы полициясынан билдиришти.

Мыйзамсыздык Финансы полициясынын Ош шаары боюнча башкармалыгы тарабынан аныкталган.

11-декабрда элдик керектөөдөгү товарлар жүктөлгөн “Вольво” маркасындагы жүк ташуучу унаа «Достук» өткөрүү жайынан кармалып, ал Өзбекстандан тийиштүү уруксат берүүчү документтери жок жана бажы төлөмдөрүн төлөбөй келе жаткан.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине (КЖБР) катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды.

Азыркы убакта ЭККМК контрабандачылардын кызыкчылыктарын колдогон кызмат адамдарынын катыштыгы бардыгын аныктоого, ошондой эле мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын ордун толтурууга багытталган иш-чараларды жүргүзүлүүдө.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.