Карызга баткан комбинат, жумушсуз калган эл

Кадамжай сурма комбинатынын мамлекетке болгон карызы 80 млн сомдон ашты. 15 жыл мурун казакстандык компанияга сатылып кеткен комбинатта бир да киллограм сурма өндүрүлө элек. Анын айынан карызы өсүп, жергиликтүү тургундарды жумуш менен камсыздай албай калды.

Дүйнөлүк деңгээлдеги металлургиянын 14 түрүн чыгарган Кадамжай сурма комбинаты союз ыдыраганга чейин иштеп келген. Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон тарта комбинаттын иши 14 жылга токтоп калган. Инвесторлордун жардамында кайра жумуш жанданганы менен ишкана өзүн актаган деңгээлге да чыга алган жок. Азыр  комбинат карызга батып, өндүрүш токтоп турганы Жогорку Кенеште сынга алынды.

“2005-жылы Кадамжай сурма комбинатын чет өлкөлүк инвесторлор сатып алган. Алар ушул кезге чейин өз милдетин аткарган жок. Өткөн жылы бир килограмм  да сурма өндүрүлгөн эмес.Тескерисинче, ишкананын Социалдык фондго 35 млн сом карызы бар, ишкана жетекчилиги аны төлөйүн деген ниети жок. Өкмөт андай инвесторлорго тийиштүү чара колдонушу керек”, – деди  Жогорку Кеңештин депутаты Зияидин Жамалидинов.

2005-жылы сурма комбинаты 300 млн сом карызы менен чогуу казакстандык инвесторлорго өтөт. Алар 2013-жылга чейин  6 млн тонна продукция өндүрүп, карыздын 60%ы төлөнгөн. Бирок карыздан кутулуу толук акчалай жүрбөдү. Комбинаттын 10 объектиси аласасы барлардын карамагына өтүп кетти. Ал ортодо сырттан ташылчу сырьёнун баасы да кымбаттап, ишкана 2013-жылы өндүрүштү токтотот. Жумушчуларга ушул күнгө чейин жарым-жартылай маяна төлөп келген сурма комбинаттын карызы кайрадан өсө баштады.

“Бизге сырьё Орусиядан, Казакстандан келет. Ортодо келишпестиктер болуп кетти. Жол жабылып, өткөрбөй бизге келгиче жол акысы кымбаттады. Биз аны алып келип иштетип, базарга алып чыксак, чыгым актабай калды”, – дейт Кадамжай сурма комбинатынын жетекчиси Байзак Исаков.

 

Келишим боюнча казакстандык инвесторлор жумуш орундарын түзүү жана кеңейтүү, социалдык төлөмдөрдү жүргүзүү милдетин моюнга алган. Ошол макулдашуу боюнча комбинаттын иши токтоп турган менен 200 кызматкер айлык маянасынын жарымын, дагы 200дөй ардагер пенсиясын алып келе жатат. Ошентип, 400 адам айына 2000 сомдон акы алып келет. Комбинат 2013-жылдан бери өз продукциясын чыгара албай жатканы үчүн кызматкерлерге кеткен каражат имараттын айрым объектилерин сатуу менен капталып жатат.

“Учурда комбинаттын бизге болгон карызы – 30 млн сом. Бул боюнча сот болуп,  биз тарапка чечилди”, – деди Кадамжай шаардык салык кызматынын жетекчисинин орун басары Султанбек Темирбаев.

Мындан сырткары комбинат “Ошэлектр” ишканасына 23 млн сом,  Социалдык фондго 27 млн сом,  жалпысынан 80 млн сом карызы бар. Карыздар төлөнбөй, өндүрүш жолго коюлбаса, Мамлекеттик мүлк фонду  ишкананы алып коюуга укугу бар. Бирок комбинат учурда кытайлык инвесторлор менен жаңы иш баштоо алдында турат. Ошентип, Кытай жана Казакстандан келген инвесторлор  калдыктарды кайра иштетүүчү кичи заводду иштетмей болуп жатышат.

“Биздин техникалар эски болгондуктан, калдыктарды кайра иштетүүгө мүмкүнчүлүк жок. Ошондуктан кытайлардын техникалары менен бирге кичи завод ачып жатабыз. Буйруса, кирешеге ээ болобуз”, – деди Кадамжай сурма комбинатынан тышкы экономикалык байланыш бөлүм башчысы Асанбек Макканбаев.

Учурда комбинатта 600 миң тонна сырье бар. Август айынан иш башталса, 3 жыл аралыгында кытайлар менен казактар кирешенин 50%ын өздөрүнө калат. Бул долбоор боюнча кичи заводдун бир айлык эле кирешеси Кадамжай сурма комбинатынын 80 млн сомдон ашык карызын жапканга жетет деп болжолдонууда.

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz