Карышкырлар сатылат. Чоңалайлыктар беш карышкыр атып алышты. Сүрөт

Чоң-Алай районунун тургундары жайлоодон беш карышкыр атып алды. Бул тууралуу “Ынтымакка” мергенчилердин бири билдирди.

Мергенчилер олжолорун кечээ, 19-мартта Чоң-Алай районунун Жар-Башы айылынын Ничке-Суу жана Тунук-Суу жайлоолорунан атышкан.

“Азыр карышкырларды үйдө сактап атабыз. Аларды саталы деген оюбуз бар”,-деди мергендердин бири.

Жырткыч жаныбарлар учурда Камбаралиев Абдымомундун үйүндө турат.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.