“Карып корозду” ордуна койгон акын кыз. Изат Айдаркулова тууралуу 6 кызык

“Аркайып сөөгү көрүнгөн, арык короз экенсиң. Өңү-түсүң карасам, сарык короз экенсиң. Көп тоокту эңсеген, бирок бир да тоокко жетпеген карып короз экенсиң”, – деп жамактап, жигитти уялткан акын кыздын видеосу көпчүлүктүн кызыгуусун жаратты. “Ынтымак” жаш төкмө акын Изат Айдаркулова менен болгон маекти сунуштайт.

Айтышка чыгуу балалык кыялым болчу

Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кызыл-Жар айылынан болом. Үй-бүлөдө 8 бир туугандын жетинчисимин. ОшМУнун кыргыз филологиясы факультетин бүтүргөнмүн. Учурда республикалык “Айтыш” коомдук фондунда сабак алып жатам. Акындык өнөргө аралашканыма 3-4 жылдай болуп калды. Негизи жаш кезимден акындарга, деги эле айтыш өнөрүнө кызыгуум күч эле. “Айтыш” коомдук мектебинде  Амантай Кутманалиев, Элмирбек Иманалиев, Курсант Нурматов деген устаттарыбыздан таалим алып келатам.

Акындык – атамдан калган өнөр

Айтыш өнөрүнө аралашып калуума эң оболу атамдын (Абдыжапар Айдаркулов) таасири чоң. Атакем жаш кезинде акындардай жамактап , райондук, облустук иш-чараларда эл менен амандашып ырдап жүрчү экен. Турмуштун түйшүгү менен болуп, өнөрдү өстүрө албай калган.  Андыктан атамдан өткөн деп айтсам болот.

Эл алдына биринчи чыкканда…

Алгач айтыш эмне экенин жүрөгүм менен туюп, сезе электе эле КТРКнын “Сармерден” теледолбооруна келип, эки ирет акындар менен айтышып кеткем. Бирок, ал кездеги айтышканымды көрсөм, аябай күлөм. Анткени, оюмдун баш-аягы жок, эптеп эле уйкаштырып, анан обонум деле белгисиз декломация айткан сыяктуу.

Ар дайым сөз камдап жүрөм

Бул өнөрдү аркалаган ар бир акын дайыма ой толгоп, кайсыл учурда болбосун сөзү даяр болушу керек. Ошондуктан мен дагы айтышка чыгаарда гана даярданып койбойм. Ар дайым сөз камдап жүрөм.

Кээде кара күчкө салып эле жамактап ырдап коем

Сөз таппай калган учур болот. Бирок ошондо деле кара күчкө салып, жамактап ырдап коем. Кээде бир ойду баштап, бирок аягына чыкпай ой чачылып кеткен учурлар болот.

Жигит менен айтышка чыксам, сүйүү темасына бурулуп кетет

Айтышта негизи  кыз-жигит жуп болуп калганда эл кызык тамашаларды күтөт. Ошондон айтыш жалаң сүйүү темасына бурулуп кетсе керек. Бирок ал реалдуулукка айланганын байкай элекмин. Мүмкүн болуп кетээр.

Бакшы сүрөт: Изат Айдаркулованын фейсбуктагы баракчасынан алынды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген