Картадан мамлекеттер менен желектерин жазбай билген эки жаштагы Умар элди таң калтырууда

Эки жаштагы Умар географиялык картадан ар бир өлкөнү жазбай таба алат. Аны менен кошо мамлекеттердин желегин да билет. Ал  бул өнөрү менен соцтармактын колдонуучуларын таң калтырып жаткан учуру.

Умардын ар бир мамлекетти картадан көрсөтүп жаткан видеосун соцтармакка Кундуз Талканчиева аттуу колдонуучу жүктөгөн.

Кайдагы башка мамлекеттин балдарын, видеолорун салып алып таркатасыңар. Мына биздин Кыргызстандын, Оштун, айылдын баласы. Бул инимдин уулу. Иним баласын М. Галкиндин “Лучше всех” программасына даярдаса болчудай экен“,-деп жазган К. Талканчиева.

Азыркы тапта интернет колдонуучулар Умардын талантты бар экенин белгилеп, комментарийлерди калтырып жаткан учуру.

 

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar