Кароолканада жашаган кароолдук үй-бүлө жардамга муктаж ВИДЕО

Өзгөн районунун Кароол айылында турмушу начар үй-бүлө бар. Аларга жардам азыр аба менен суудай керек болуп турган чагы. 59 жаштагы Салима Дүйшөева айыл өкмөттөгү стадиондогу кароолчуга ылайыкташып салынган 2 бөлмөдө 6 жылдан ашык жашап келет. Жардам кылаар жакыны болбогондуктан, каражат жагынан колунда бар жарандардан жардам күтөт.

Салима Дүйшөева 6 баланын энеси. Бир жыл мурун жолдошу каза болгон экен. Учурда өзүнүн ден-соолугу начар. Жада калса, Салима эженин кичүү уулу 20 жаштагы Муса 3 жашынан бери жүрөк илдети менен жабыркап келет. 2-топтогу майып. Эне-бала 2 бөлмөлүү батирде жашайт. Калган 2 кызы Казакстанда. Үчүнчү кызы ал жактан турмушу жакшы болбой, баласы менен кайтып келген. Учурда Кароол айылындагы стадиондо күзөтчу үчүн салынган тар бөлмөдө күн кечирип келишет. Бөлмөнүн үстүнөн тамчы өтүп, полу цемент болгондуктан, сыз тартат. Кышкысын араң эле жан сактап келе жатканын айтып, көзүнө жаш алган эженин бараарга турак жайы, керек болсо үлүш жери да жок. Анысы аз келгенсип, пенсия да албайт экен.

Ушул тапта сыздаган Салима эже 10го жакын тоогунун жумурткасын чогултуп сатып, оокат кылат. Анын айтымында, жолдошунун да, өзүнүн да бир туугандары каза болуп калгандыктан, ага каралашаар жакыны жок. Ал эми кыздарынын да турмушу оор болгондуктан, энесине жардам бере албайт.

Мындан 2 жыл башта өзү да жол кырсыгына учурап, омуртка сөөгү сынып, моюн тарабы жабыркаган. 4 ай төшөктө жатып, басууга араң жарап калган экен.

Ал эми учурда Кароол айыл өкмөтүнөн бул үй-бүлөгө үй салууга жер тилкесин бөлүп берүү аракети көрүлүп жатыптыр. Бирок баары бир жардамга муктаж. Андыктан колунда бар кайрымдуу жарандардан жардам сурайт. Кайрымдуу жарандар Өзгөн районунун Кароол айыл өкмөтүнө кайрылышса болот.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген