Карантинде күчөгөн үй-бүлөлүк зомбулук КОМИКС

Коронавирустук пандемиядан улам киргизилген карантиндер маалында үй-бүлөлүк зордук-зомбулук бир эле Кыргызстанда эмес, дүйнөдөгү бардык мамлекеттерде күчөгөнү айтылган. Андан бир эле аялдар эмес, балдар да жабыркады. Бириккен Улуттар Уюму мындай окуялар үчүн кабатырланганын билдирип, баш катчы Антонио Гуттериштин “Аялдар жана кыздар үчүн эң коопсуз деп саналган өз үйлөрү эң коркунучтуу жерге айланганы өтө өкүнүчтүү”,-дегенин жарыялады.

Ал эми КР ИИМге шилтеме берип, ЖМКда жарыяланган маалыматтарга караганда, 2020-жылдын 10 айында өлкө ичинде 7669 үй-бүлөлүк зордук-зомбулук катталган. Жабыр тарткандардын көпчүлүгү – аялдар. Айрыкча өзгөчө кырдаал учурунда мындай кылмыштардын саны көбөйгөн.

Үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылган адамга ар бир жаран жардам колун сунуш керек!!!

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.