Карамушкина: Сарыбашов чет өлкөлүк жарандыгын жашырган болсо, жоопко тартылышы керек

Орусиянын Салык кызматынын сайтында Сарыбашов Таалайбек Насирбековичке 2016-жылдын ноябрь айында орус жаранын паспорту тапшырылганы, анын туруктуу жашаган жери Новосибирск шаары экени белгиленген.

Ал эми биздин мыйзамдарга ылайык, чет өлкөнүн жарандардын жетекчилик кызматтарда иштөөсүнө тыюу салынган. Бул фактыны УКМК төрагасы текшерип чыгып, жообун бериши керек. Бул тууралуу депутат Ирина Карамушкина Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

«Таалайбек Сарыбашов кезинде Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болсо, азыр Ош шаарынын мэри болуп иштөөдө. Анын жарандыгын кылдат иликтеп чыгып, чет өлкөлүк жарандыгын атайлап жашырган болсо, анда ал беш айдан бери камакта жаткан Кулматов сыяктуу схема менен камакка алынышы керек. УКМКдан жооп күтөбүз», – деди депутат.

Буга чейин интернет булактарында Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Орусиянын жараны экендиги тууралуу маалымат тараган. Көп өтпөй Ош шаарынын маалымат кызматы бул жалган экендигин айтып билдирген.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген