Каракулжалык жаштар колунда жок үй-бүлөлөргө жардам беришти

Бүгүн, 22-мартта Кара-Кулжа районунун жаштары колунда жок үй-бүлөлөргө жардам беришти. Бул тууралуу “Ынтымактын”аталган аймактагы кабарчысы маалымдады.

Анда белгилүү болгондой, каракулжалык жигиттерден куралган тобу алты үй-бүлөнү тамак-аш продукциялары жана  антисептикалык каражаттар менен камсыздашкан.

“Ун, тамак-аш жана залалсыздандыруучу каражаттарды тараттык. Каражатты жаштар өзүбүз чогулттук. Элибиз кыйын күндө турганда биз кол куушуруп олтура албайт элек”,- дешкен жардам колун сунган жаштар.

Ноокат эли жаңы тез жардам унаалуу болушту

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген