Кара-Суунун тоолуу Кызыл-Суу айылында радио иштеп баштады

Бүгүн, 18-январда, Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Суу айылында “Кызыл-Суу FM” айылдык радиосу иштеп баштады. Бул тууралуу Өкмөттүн Оштогу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, аталган радиону жеке ишкер Илгиз Айдаркулов ачкан. Бул радио 24 саат бою ободо болуп, Кызыл-Суу айылында гана жеткиликтүү болот.

“Бул радионун эки студиясы иштейт. Биринчиси айылдагы мектепте, ал эми экинчиси Бишкектен башкарылат. Негизги максаты – айылды жалпы маалыматтар менен убагында камсыз кылуу. Болочоктогу журналисттерди даярдоо мүмкүнчүлүктөрү дагы каралган. Ал эми ачылуу аземине Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн келишип, белектерин тапшырышты жана мындан ары маалыматтык техника менен камсыз кылууну убадалашты”, – деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Белгилей кетсек, аталган айылда жалпысынан 1300дөн ашуун эл жашайт жана буга чейин бир дагы радио тарткан эмес.

Сүрөт: Т-Медиа

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген