Кара-Суудагы окуучулардын мушташынан бир бала ооруканага түштү

Кара-Суу районунун Жоош айыл өкмөтүнүн эки мектебинин балдарынын мушташынан бир бала ооруканага түштү. Бул тууралуу Ош ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 21-ноябрдан 22-ноябрга карагана түнүн саат 23:30 дар чамасында болгон. Кара-Суу РИИБдин ыкчам тергөө тобу жана өздүк курамы тездик менен окуя болгон жерге чыгышып, мушташып жаткан 2002-2003-жылы туулган 31 баланы кармаган.

“Кара-Суу районунун Жоош айыл аймагынын 2003-жылы туулган Н уулу Н аттуу жараны денесинин ар жери миздүү нерсе менен кесилген өмүрүнө коркунуч келтирбеген жараттар менен Кара-Суу аймактык ооруканасына жеткирилген. Соттук -медициналык экспертиза дайындалды. Учурда жабырлануучунун абалы жакшы. Мушташка катышкан балдар Кара-Суу районунун Жоош айыл аймагы менен Сарай айыл аймагынын мектебинин биринде окуган 10-11-класстын окуучулары экендиги аныкталды”,- деп айтылат маалыматта.

Учурда окуучулардын ата-энелерине эскертүү берилип, тергөө иштери жүрүп жатат. Тиешелүү мекеменин кызматкерлерине карата кызматтык иликтөө башталып текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Сүрөт: www

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген