Кара-Сууда жергиликтүү тургунду койдуруп кеткен айдоочу кармалды

Кара Суу районундагы Мады айыл аймагынын тургунун койдуруп кеткен айдоочу кармалды. Учурда кармалган тургундун үстүнөн тергөө иштери башталды.

“31-майда түнкү саат 23:00дөр чамасында Мады айылынын 42 жаштагы тургунун сүзүп кетип, ал ошол жерде каза болгон. Койдуруп кеткен адам болсо изин жашырган. Аны табууга Каарман айылынын тургуну Жаныбек Азизов көмөк көрсөтүп, айдоочунун артынан өз унаасы менен кууп токтоткон. Ал патрулдук милиция кызматкерлерине окуя тууралуу кабар берген соң “Курчоо” иш чарасы өткөрүлүп, кылмыштын изи сууй электе шектүү катары Өзгөн районунун Мырза Аке айылынын 25 жаштагы тургуну кармалды”,-деди Ош облустук патрулдук милиция бөлүмүнүн маалымат кызматынын өкүлү Айбек Бечелов.

Учурда бул иштин үстүнөн тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.