Кара-Сууда унаа каналга түшүп айдоочу каза болду

Окуя кече саат 19:30 чамасында   Нариман айыл аймагында катталган.

Осмонов жана Ленин айылдарынын ортосунда Южный каналына “Дэу Матиз” үлгүсүндөгү мамлекеттик №  D27-56S үлгүсүндөгү унаа түшүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Куткаруу иштерине №102 өрт-куткаруу бөлүмүнүн кызматкерлери  тартылып унааны алып чыгышкан.

Бирок кырсыктын кесепетинен унаанын айдоочусу 1958-жылы туулган А. К. Алибеков ошол жерде  каза болгон

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген