Кара-Сууда ташты иштетүүчү завод ачылды

Кара-Суу районунда ташты кайра иштетүүчү “Умар Групп” деген завод ачылды.  Ишкананын ачылышына вице-премьер-министр Замир Аскаров, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев, Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимовдор катышты. 

Заводду жеке ишкер  Калык Жорокулов ачкан. Учурда 22 адамды жумуш менен камсыз кылса, жакынкы күндөрү  50 адамга көбөйтүүнү пландап жатат.

Ишкана  жылына 150 миң чарчы метр сары ташты чыгарып,  Орусия, Өзбекстан жана Казакстанга экспорттолот.

 

Заводду курууга жалпы 1,2 млн. доллар сарпталган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген