Кара-Сууда санариптештирүү иштери башталды

Кара-Суу районунун  Кызыл-Суу айыл  аймагындагы жашоочулар бийлик өкүлдөрү менен жолугушту. Алар аймактагы жайыт маселеси,санариптештирүү, жөлөк пулдар туурасында көйгөйлөрүн айтышты. Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев бул маселелерди жеринен чечип,тиешелүү кызматкерлерге тапшырмаларды берди. 

Бул тууралуу:

“Негизи айылда көп көйгөйлөр бар болчу. Аларды чечүү үчүн, жапа тырмак баарыбыз киришип жатабыз.Интернет орнотуу иш-планга киргизилген. Банкоматтар орнотулса элге дагы жеңил болуп калат”,-дейт Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Муратбек Нышанбаев.

Жергиликтүү бийликтин,райондук Ички иштер башкармалыгынын,салык кызматындагы кызматкерлер 2018-жылы аткарылган иштери боюнча маалымат беришти.

Кошумчалай кетсек, Кызыл-Суу айылында 5 миңден ашуун калк жашайт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген