Кара-Сууда мас айдоочу ок атуучу куралы менен кармалды

Кара-Суу районунун аймагында мас айдоочу ок атуучу куралы менен кармалды. Бул тууралуу “Ынтымакка” Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, Ош облусунун аймагында «Арсенал» аталышындагы ыкчам профилактикалык иш-чарасынын жүрүп жатат. 27-октябрь күнү, кечки саат 22:00 чамасында Ош облусунун ЖКККБнын жана «Шумкар» атайын багыттагы батальонунун кызматкерлери Кара-Суу районунун Асан-Чек айылында аталган райондун тургуну 57 жаштагы тургунун токтотушкан.

Аталган жарандын башкаруусундагы «Тойота Коки» үлгүсүндөгү автоунаасын токтоткон учурда, айдоочу мас абалында болгон. Автоунаанын арткы отургучун текшерүү учурунда 1 даана «ТОЗ-БМ16» үлгүсүндөгү 16 калибрдеги 2 найлуу номерлери өчүрүлгөн сайсыз ок атуучу курал табылып алынган.

Окуя, Кара-Суу РИИБдин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, айдоочу мас абалда болгону үчүн, унаасы айып короого токтотулуп, өзү ок атуучу куралы менен бирге Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.