Кара-Сууда мал уурулук менен алектенип жүргөн топ кармалды

Кара-Суу районунда мал уурулук менен алектенип жүргөн топ кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы билдирүү таратты.

Анда маалымдалгандай, 20-февраль күнү Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагынын 54 жаштагы тургунунун эки баш коюн белгисиз жарандар уурдап кетишкен.

Ыкчам иликтөөнүн натыйжасында аталган кылмышка шектелип Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл аймагынын 34 жаштагы, Гайрат айылынын 30 жаштагы жана Ош шаарынын 26 жаштагы, Базар-Коргон районунун Акман айылынын 37 жаштагы тургуну кармалган.

Кармалган жарандар Кара-Суу РИИБинин убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Бул кылмыштуу топ тарабынан Өзгөн районунун аймагынан мал уурулук боюнча 2 факт, Кара-Суу районунун аймагында 5мал уурулук, Ош шаарынын аймагында 1 турак жайга кирип уурулук кылышкан. Келтирилген чыгым 200 миӊ сомдон ашуун болгон.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.