Кара-Сууда мал уурдоого шектелген жаран кармалды

Ош облусунун Кара-Суу районунда уурулук менен алектенип жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ИИБнын басма сөз кызматы кабарлады.

Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө, 1986-жылы туулган К. Э аттуу жаран кармалды.

Маалыматка ылайык, шектүү өз айылында мал уурдап жүргөн. Мындан сырткары, 28000 миң сом жана 100 АКШ доллар  өлчөмүндө акча урдоого шектелүүдө.

Учурда бул иш боюнча кылмыш иши козголуп тергөө амалдары жүрүүдө.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген