Кара-Сууда курулуп жаткан мектеп, бүтө элек жараксыз болду. Видео

Алты жылдан бери курулушу бүтпөй келген мектептин полу, окуучулар кире элек жатып чирип кеткен. Аталган мектеп,  Кара-Суу районунун Калинин айылында салынып жаткан. 

Мектепти куруу жоопкерчилигин “Эрмек Юг ЛТД” курулуш компаниясы өз мойнуна алып, 76 миллион сомго бүтүрүп бермек болгон. Учурда ара жолдо турат.

” Окуучулар кирбей жатып полдордун чирип кетиши тууралуу ар түрдүү пикирлер жаралып келет. Тактайлары суу кезинде, кыштын күнү кагылган. Аны менен катар желдетүүчү жылчыкчалардын талапка жооп бербегени  полдун чиришине алып келген”-деп билдирди Калинин айылынын айыл башчысы Ажимамат Сулайманов.

Аталган мектепти куруу 2013-жылы башталган. Ал 320 окуучуга ылайыкталып,  мамлекеттик казынадан 98 миллион сомдук смета тузүлүп, тендер жарыяланган. Тендерден “Эрмек Юг ЛТД” курулуш компаниясы 76 миллион сомго утуп алган.

Жоош айыл өкмөтүнүн башчысынын айтымында мектептин сапатын текшерип берүү үчүн бир нече ирет облустук капиталдык курулуш башкармалыгына кат жолдогон.

Ал эми облустук капиталдык курулуш башкармалыгы мектептин полу талапка жооп бербей тургандыгын курулуш ээлерине айткан. Куруучулар  чирип кеткен полду жаңылап, актылык залы жана калган курулуш иштери бүтмөйүнчө, тиешелүү тарап мектепти кабыл албайт.

Учурда аталган айылдагы окуучулар союз маалындагы балдар бакчасында 6 жылдан бери окуп келе жатышат. Андагы окуучулар арасында жаңы мектептин курулушу бүтпөйт окшойт деп үмүттөрүн үзүп калгандары да бар.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген