Кара-Сууда курал-жарак сактаган жаран кармалды

Ош облусунун Кара-Суу районунда мыйзамсыз курал сактаган адам кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 43 жаштагы З.О. кармалды.

Тинтүү учурунда анын спорттук баштыгында эки мылтык жана граната болгон.

Бул факты боюнча материалдар бирдиктүү реестрге каттоодон өткөн жана кылмыш -жаза кодексинин 253 беренеси менен (“Курал, ок -дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү”) сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Тергөө иш -чаралары уланууда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.