Кара- Сууда катталган жол кырсыгы жаш өмүрдү алды

Кара-Суу районунда жүк ташуучу унаасы менен 26 жаштагы жигитти өлтүрө сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматта окуя 18-апрелде саат 09:00 чамасында Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүндө  DAF үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа жөө адамды сүзүп кеткендиги айтылат. Кырсыктын курмандыгы болгон Чоң-Алай районунун 1992-жылы туулган тургуну ошол жерде каза болгон.

Милиция кызматкерлеринин ыкчам аракеттеринин натыйжасында Жайыл районунун 45 жаштагы тургуну Өзгөн районунда Бишкек тарапка качып бара жаткан учурда колго түшүрүлгөн.

Учурда тергөө иштери улантылып, тийиштүү медициналык экспертизалар дайындалды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген