Кара-Сууда каналдан эркек кишинин жансыз денеси табылды

Ош облусунун Кара-Суу районунда каналдан эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда маалымдалгандай, жансыз дене Ишкаван айылындагы каналдан табылган. Учурда аты-жөнү такталууда.

Куткаруучулар жансыз денени чыгарышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.