Кара-Сууда үйдөн чыккан өрттөн 1 адам каза болду

Кара-Суу районунун Папан айыл аймагына караштуу Ак-Буура-1 айылында үй өрттөнүп, бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, шифер менен жабылган эки кабаттуу үйдөн өрт чыгып, 45 чарчы метр чатыры, 9 чарчы метр бөлмөсү күйүп кеткен. Кырсыктын айынан 64 жаштагы жаран каза болгон.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Кара-Сууда мечиттен өрт чыкты. Видео

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген