Кара-Сууда ата-энесиз балдарга жер тилкелерин беришти

Кара-Суу районунун Жоош айыл өкмөтүндөгү үч жашы жете элек ата-энесиз балдарга турак жай куруу үчүн ар бирине 6 сотыхтан жер тилкелери берилди. Бул тууралуу КР Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда маалымдалгандай, мыйзамдарга ылайык ата -энесинин камкордугусуз калган жашы жете электерге кезексиз турак жай же жер тилкелери берилет.

Турак жайы жок балдардын укуктарын коргоо максатында Ош облусунун прокуратурасы Жоош айыл өкмөтүнүн башчысынын атына буйрук чыгарган.

Прокурордун жооп актысынын негизинде, айыл өкмөттүн чечимдери менен жашы жете электерге жер тилкелери жана алар үчүн тиешелүү укуктук документтер бөлүнүп берилген.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.