Кара-Суу суусуна агып кеткен жаранды издөө иштери улантылууда

Окуя  2-июль күнү Жети-Өгүз районунда  болгон. Барскоон айылынын  1939-жылы туулган  С. Ч.  атуу тургуну сууга агып кеткен. Ал Кааз-Уя жайлоосуна мал айдап бара жаткан учурда Кара-Суу суусуна агып кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.  Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

” 9-июль күнү издөө иштерине  Каракол шаардык №15 Аскерлештирилген өрт куткаруу бөлүгүнөн 11 куткаруучу,  Жети-Өгүз райондук №36 Өрт-куткаруу бөлүгүнөн 7 куткаруучу,  Нарын шаардык №16 Аскерлештирилген өрт куткаруу бөлүмүнөн 3 куткаруучу тартылган”,- деп айтылат маалыматта.

Азырынча куткаруучулар менен байланыш  жок. Жалпысынан 20 дан ашуун куткаруучу издөө иштерин жүргүзүп жатат.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген