Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысы кармалды

Кара-Суу районунун айыл өкмөт башчысы Экономикалык кылмышка каршы күрөшүү кызматы тарабынан кармалды. Бул тууралуу “Ынтымакка” аталган кызматтан билдирди.

Маалыматка ылайык, Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысы жер берүү боюнча токтомго мыйзамсыз кол койгону аныкталган.

Учурда Экономикалык кылмышка каршы күрөшүү кызматы ишти облустук прокуратурага өткөрүп берген.

Бирок айыл өкмөт башчы ушу тапта  ооруканада даарыланып жатканын  орун басары Улукбек Кадыров  билдирди.

Буга чейин август айында   мыйзамсыз жер берүү боюнча Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн жер адиси кармалган болчу.

Белгилей кетсек, буга чейин аталган аймактагы мыйзамсыз берилген жерлер боюнча “Ынтымак” атайын талкуу курган.

Сүрөт: Төлөйкөн айыл өкмөтүндөгү айдоо жерлерге курулуп жаткан үйлөр.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген