Кара-Суу районунун үч айыл өкмөт башчысына кылмыш иши козголду. Видео

Ош облусунун Кара-Суу районунун үч  айыл өкмөтүнүн башчыларына жана бир айыл өкмөтүнүн айрым кызмакерлерине кылмыш иши козголду. Учурда аларга карата тергөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу “Ынтымакка” район акиминин орун басары  Нурлан Абдыраев билдирди.

Алар Папан, Төлөйкөн, Нариман, Сарай айыл өкмөттөрү.

Кече күнү Папан айыл өкмөтүнүн тургундары эки тарап болуп Кара-Суу райондук сотунун алдында нааразылык акциясына чыгышты.

Алар Эрмат Исмаилов жана анын катчысы, жер адиси, тургундарга жер бөлүштүрүүдө мыйзамсыз жолдорго барган деп айыпташат. Ошондуктан сот алардын ишин калыс карасын деген жарнактар менен чогулушкан.

Буга чейин, да Папандыктар  Ош облустук администрация имаратынын алдына митингге чыгышып,  айыл өкмөтүнүн башчысы Эрматбек Исмаиловду жер сатууга байланыштуу айыпташкан эле. Ал боюнча Ош облустук прокуратурасы кылмыш ишин козгогон.

Ал эми 3-октябрда ушул эле Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысы Алмаз Абдукаримов мыйзамсыз жер бергенге айыпталып, камакка алынган.

Муну Ош облустук прокуратурасы да тастыктаган.

Учурда Кара-Суу районунун Папан жана Төлөйкөн айыл өкмөттөрүнүн башчылары кызматтарынан убактылуу четтетилген. Сарай айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлерине карата да экономикалык мыйзам бузуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

Ал эми Нариман жана Сарай айыл өкмөттөрүнө таза суу чыгаруу, оңдоо жана иштерге байланышкан соттук териштирүү иштери жүрүп жатат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген