Кара-Суу районундагы селдин кесепеттери

Кечээ, 4-август күнү, саат 18:30 чамасында Кара-Суу районундагы Катта-Талдык айыл аймагын Баш-Булак жана Кара-Сөгөт айылындарын сел суулары каптады.

Кырсыктан жабыркаган айыл тургундары селдин алдын алуу үчүн шарттар түзүлбөгөнүн белгилешти.

“Сел биздин үйлөргө чейин кирип, ылай суулар акты. Жашаганга шарт жок, такыр мүмкүн эмес болуп калды. Мисалы сууну алып кетчү канал казылса жакшы болот эле. Коопсуздук болуш керек да. Сел бар нерсебиздин баарын алып кетти”, – деди Баш-Булак айылынын тургуну Айсалкын Осмонова.

Айыл тургундарынын пикири:

“Сел мектепке менен садикке бөлүнгөн жерди дагы жууп кетти”.

“Бул жерде эми бир нерсени куруу мүмкүн эмес. Ушинтип агып турса коопсуздук жөнүндө деги кантип айтса болот”.

“Бардык кесепет дамбанын жоктугунан улам болуп жатат”.

Катта-Талдык айыл аймагынын башчысы Кантөрө Жантөрөевдин айтымында, суу ташкыны Баш-Булак айылындагы 42 турак үйдүн короолорун каптап, анын ичинен 7 турак үйдүн ичине чейин кирген. Ал эми Кара-Сөгөт айылында 17 үйгө кирип, бир үйдү тешип өткөн.

“Суу чоң сайлардан агып келип, үйлөрдүн ичине чейин кирди. Селди алдын алуу үчүн Баш-Булак айылында чоң арык казылган. Бирок суу ага толуп, ташкындай баштаган. Мындай сел акыркы 40 жылдан бери болгон эмес. Кара-Сөгөт айылында сел ФАПтын имаратына чейин кирген. Имараттын терезелери талкаланып, ички бөлмөлөргө чыла толгон. Мындан сырткары анын тегергиндеги үч үйгө суу ташкыны кирген. Үч уй жана алты койду суу алып кеткен. Азыркы учурда агып кеткен мал-жандыктардын ээлери тууралуу тактап жатабыз. Ошондой эле, бул айылдагы электр зымдардын линиялары бузулган. Учурда алар калыбына келтирилүүдө”, –деди айыл башчысы.

Селдин кесепетин жоюу үчүн ӨКМдин Ош облусундагы башкармалыгынын жетекчилиги жана 27 адамдан турган ыкчам топ жеринде тазалоо жана алдын алуу иштерин жүргүзүп жатышат. Тазалоо иштерине бир камаз, эки суу насосу, бир грейдер жана эки жүктөгүч тартылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облусу боюнча башкармалыгынын бачшысынын убактылуу милдетин аткаруучусу Нурдин Шаматовдун айтымында, азыркы учурда эки айылда тең тазалоо үчүн ыкчам иштери аткарылып, селдин кесепетинен алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Өлкөдө акыркы бир ай ичинде селдин кесепетинен 10 адам каза болду. Суу ташкынынан автоунаа, эгин талаалар, жол, суу куурлары, көпүрөлөр жараксыз абалга келди.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.