Кара-Суудагы каналдан жаш кыздын жансыз денеси табылды

Ош облусунун Кара-Суу районундагы каналдардын биринен 16 жаштагы кыздын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Жансыз дене 16-сентябрь күнү саат 16:20да Нариман айылындагы каналдан табылган.

Жерине ӨКМнын №102 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары тартылып, жансыз денени суудан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген