Кара-Суу районунда сел турак үйлөрдү каптады

Ош облусунун Кара-Суу районунда селдин кесепетинен турак үйлөр жабыркады. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Алдын ала маалымат боюнча, саат 18:30 чамасында Баш-Булак айылында мезгил-мезгили менен жааган жамгырдын кесепетинен турак үйлөрдү суу каптаган.

Жеринде КР ӨКМнин Ош облусу боюнча башкармалыгынын ыкчам тобу жана Кара-Суу райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү иштеп жатат. Тазалоо иштерине 16 куткаруучу жана 2 жүктөө техникасы тартылган.

сүрөт: иллюстрация

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.