

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Катта-Талдык айыл аймагына мамлекеттик кызматкерлер үчүн заманбап шаарча курулат. Бул тууралуу “Ынтымакка” Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн маалымат кызматынан билдиришти.
Анда маалымдалгандай, 6 кабаттуу үйдөгү батирлер жеткиликтүү баада бөлүп төлөө менен көп жылга берилет.
“Учурда инвестор табылып, макети көрсөтүлдү. Бүгүн тиешелүү өкүлдөр менен жолугушуу болуп жатат. Март айларында курулушу башталат деген план бар”, – деп айтылат маалыматта.
Аталган үйлөрдү куруу үчүн Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл аймагынан 6 гектар жер бөлүнөт.
- 24.02.2021