Кара-Суу: прокуратура 31 ишкердин жумушун токтотту

Кара-Суунун Төлөйкөн айыл өкмөтүндөгү 31 ишкер укук коргоо органдарына кайрылуу жолдошту. Алардын ишмердүүлүгү райондук прокуратура тарабынан токтотулуп, азыркы учурда соттук териштирүүлөр жүрүп жатат. Укук коргоо органынын сотко берген кайрылуусунда ишкерлер курулуштун эрежелерин бузушканы жана жергиликтүү бийлик менен болгон келишимдерди кайра текшерип чыгуу керек. Мындан улам ишкерлер ижарага алган жерлерин иштете албай турушат.

Жол жээгин ижарага алган ишкерлер азыркы учурда ара жолдо калышты. Кара-Суу райондук прокуратурасынын арызы мындагыларды чоочулатууда. Эгер райондук сот ишкерлер менен айыл өкмөттүн келишимин жокко чыгарса, ижарачылар алган жеринен айрылып калышы мүмкүн.

Абдикарим Ташмаматов ижарага алган 2 сотых жерин дүкөн куруп эми иш баштаган болчу. Бир жылдык ижарасын төлөп эми киреше түшүрүү кезеги келгенде ишине тоскоолдуктар чыгууда.

 “Эгер жерди алып койсо, биз кантебиз, кредиттерди кантип төлөйбүз. Бул жерден мен эле эмес 5-6 адам жан багабызда. Жылына биз 28 миң төлөп жатабыз”, – дейт жеке ишкер Абдикарим Ташмаматов.

Ижарачылардын баары эле иш баштай элек. Курук жерге эле акы төлөп жүргөндөрү басымдуулук кылат. 31 ижарачынын экөө гана ишин башташкан. Ал эми калгандары болсо жерди тегиздеп эми гана ишкерлик кылуууга аракетин башташкан болчу.

Кара-Суу райондук прокуратурасы ишкерлердин үстүнөн райондук жана райондор аралык сотко кайрылган. Анда Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн токтомун жокко чыгаруу жана ишкерлер менен айыл өкмөт өткөргөн келишимди кайра текшерип чыгуу зарылдыгы белгиленген. Бирок ишкерлердин жактоочусу ага макул эмес.

Кара-Суу райондук прокуратура өздөрүнүн арызы боюнча журналистерге маалымат берише элек. Биздин маалымат алууга болгон аракетибизден майнап чыккан жок. Соттук териштирүү иштери эми гана башталып, азырынча укуктук баа берүүгө эрте дешет. Ал эми Төлөйкөн айыл өкмөтү ижарачыларынын кызыкчылыгын коргоого аракет кылаарын билдиришти.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген