Кара-Суу базарында өрт коопсуздугу таптакыр сакталган эмес

Эгерде Кара-Суу базарында өрт кырсыгы катталса, аны өчүрүүгө мүмкүн болбойт.Бул аталган базарда болгон окуу аракеттерин натыйжасында белгилүү болду. Жалынды өчүрүүгө мыйзамсыз коюлган соода түйүндөр, унаалар жана электр чубалгылары тоскоолдук кылат.

Өрт  өчүрүүчү унаа Туратали базарынын азык-түлүк жана буюм-тайымдарды сатуучу бөлүгү тарабынан кирип барды. Араң 30 метрдей жылып, андан ары өтүүгө мүмкүн болбоду. Анткени жолго чейин мыйзамсыз чыгарып алган товарлар, жеңил курулуштар кирүүгө тоскоолдук жаратты.

Талапка ылайык, өрт  өчүрүүчү унаа базардагы миң тонналык суу көлмөгө барышы керек. Бүгүнкү машыгууда унаа белгиленген жерге 500 метрдей жетпей токтоду. Эми суу көлмөгө базардын башка тарабынан баруу керек. Бирок ал жактагы автотоктотмодогу унаалардын жыштыгы кирүүгө тоскоол болот экен.

Миң тонналык суу көлмөгө жөө барганыбызда ал жерге коомдук тамактануучу жайлар курулуп калган. Ашкананын ээсинин айтымында, миң тонналык көлмө иштен чыгып, башка жерге 15 тонналык суу кампа курулган экен.  Мындай абалдан улам адистер, Кара-Суу базарында өрт коопсуздугу таптакыр сакталган эмес деген бүтүмгө келишти. Анысы аз келгенсип жолго газ коюп алып, жеңил тамак бышырып, электр энергиясын колго улап алгандар өрттүн чыгышын шарттап жатышат.

6 жарым гектар жер аянтты ээлеген  “Тураталы базарында  тилсиз жоо катталса, адам өмүрүнө коркунуч жаралып,  материалдык зыян алып келүү коркунучунда турат дешет экотехинспекциянын кызматкерлери. Алар буга чейин бир нече жолу эскертүүлөрдү бергени менен жыйынтык чыккан эмес.

Аталган базардын жетекчилиги жол тоскон соода түйүндөрүнө эми чара көрүшөрүн айтты. Өрт коопсуздугун алдын алуу үчүн базар ичине атайын суу өтүүчү куурларды тартуу максатталып жатат. Тилсиз жоо катталса ошол суу куурлары аркылуу өрттү өчүрүп калсак болот деп кошумчалады. Андан сырткары  контейнерлердин эшигин алып салып, жалюзи коюп чыгууну пландап жатышат.

Өрткө каршы күрөшүү кызматкерлеринин окуу, түшүндүрүү  иш-чарасы “Туратали” базарында өттү, эми кийинки апталарда мындай окуулар жеке базарларга карата өткөрүлөрү айтылды.

Видео: Бактыяр Асилбек уулу

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген