Кара-Кулжанын дарыгерлерине Москвадагы мекендештерден жардам келди

Орусиянын Москва шаарында иштеп жүргөн Кара-Кулжа районунун тургундары аталган райондун медицина кызматкерлерине жардам беришти.

Аталган жардам “Кулжа” коомдук уюмунун атынан көрсөтүлдү.

Дарыгерлерге ылайыкталган 75 костюм, 68 көз айнек жана 80 литр антисептикалык каражаттар блок-постто турган медицина кызматкерлерине бөлүнүп берилди.

Көрсөтүлгөн көмөктүн экинчи бөлүгү жакын арада келээри маалым болду.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген