Кара-Кулжада жаштар пост орнотуп, 12 айыл өкмөттө каттам чектелди

Кара-Кулжа районунда активдүү жаштар биригип, атайын постторду орнотушту. Учурда 12 айыл өкмөттө каттам чектелген.

Аталган посттон атайын уруксат кагазы бар унаалар жана ооруканага, азык-түлүккө баргандар гана өткөрүлөт. Ар бир унаа бирден текшерилет жана атайын уруксат кагазы жок болсо посттон өткөрүлбөйт.

Ал эми эң негизги пост – Кара-Кулжа айыл аймагынын кире беришинде жайгашкан “Калпак” блок-посту. Бул жерден жарандардын дене табы өлчөнүп, тийиштүү документтери көрсөтүлгөндөн кийин гана өтүүгө уруксат.

Кара-Кулжа району боюнча коронавирус илдетине кабылгандар жок. Райондук жугуштуу оорулар бөлүмүнүн дарыгери Мамазакир Абдыкадыровдун айтымында вирус катталып калса, туруштук берүүгө бардык шарттар бар.

Коронавируска каршы туруу үчүн ачылган эсепке 50 млн 960 миң сом түштү

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген