Кара-Кулжада кырсыкка кабылган төрт жашар кыз изделүүдө

Ош облусунда, 24-июнда, унаа кырсыгына кабылып, жоголгон төрт жашар кызды издөө иштери улантылууда. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Ошол күнү, саат 22.00 чамасында Кара-Кулжа районунун Кондук айылында, Асыран-Бий-Көпүрө жолунун тилкесинде, Портер үлгүсүндөгү унаа Тар дарыясына кулап кеткен. Анын ичинде беш адам болгон. Бешөөнүн экөөсү – 41 жаштагы эркек киши жана 13 жаштагы кыз куткарылды. Кийинчерээк куткаруучулар суудан эки аялдын сөөгүн табышкан, алардын бири 37 жашта, экинчиси 28. Унаанын ичинде отурган дагы бир төрт жаштагы кыз дайынсыз жоголгондордун тизмесине киргизилген », – деп айтылат ӨКМдин маалыматында.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.