Кара-Кулжада мектептен өрт чыкты. Видео

Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Сары-Булак айыл аймагындагы Тегерек-Саз айылындагы Эркинбаев атындагы мектептен өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өрт кечээ, 6-февралда болжол менен күндүзгү саат 12:30да чыккан. Натыйжада мектеп ашканасынын шифер менен жабылган чатыры, ДВП шыбы, 192 чарчы метр жыгач полу күйгөн.

Өрт электр зымдардын кыска туташуусунан чыккан. Жабыркагандар жок.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген