Кара-Кулжада мектеп толугу менен өрттөнүп кетти. Видео

Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Коо–Чаты айылындагы Сагындык атындагы орто мектептен өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, өрттүн кесепетинен аянты болжол менен 500 чарчы метр мектеп толугу менен күйгөн.

Учурда өрттүн себептери Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан такталууда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген