Кара-Кулжада медициналык борбордун кошумча имараты курулууда

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда үй-бүлөлүк медициналык борбордун кошумча корпусу бүтүү алдында турат. Бул тууралуу аталган борбордун жетекчиси Чынара Ташболотова билдирди.

Буга чейин, медициналык борбордо орун жетишсиз болуп келген. Мындан улам кошумча корпустун курулушу башталган. Бүткөрүлгөн соң, жарандардын дарылануусуна бардык шарттар түзүлөт.  Он күндө курулуш иштерин бүтүрүп колдонууга берүү пландалууда.

“ Медициналык борбордун кошумча имараты 12 орунга ылайыкташкан. Курулушу апрель айында баштылып Кувейт өлкөсүнүн “Ас-Салам” кайрымдуулук фонду каржылоодо. Болжолдуу 6 миллион сом каражат жумшалган”,- дейт Чынара Ташполотова.

Белгилей кетсек,  үй-бүлөлүк медициналык борбордун курулушу да 2 жыл мурун аталган фонд тарабынан  бүткөрүлгөн.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген