Кара-Кулжа районуна жаңы аким дайындалды

Дамир Кулубаев Ош облусунун Кара-Кулжа районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп дайындалды.

Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматынан билдиришти.

Анда маалымдалгандай, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Кулубаев Дамир Садырбековичтин өмүр баяны

Туулган күнү жана жери: 5-март, 1978-жыл Фрунзе шаары.

Билими: 2006-2009-жж. – Ош мамлекеттик юридикалык интитуту, юридика факультети, кесиби: юриспруденция: юрист.

1995-2000-жж. – Кыргыз агрардык академиясы, факультет: агроном адиси: агрономия, димломдолгон адиси (агроном)

Кошумча билими: КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы.

Иш тажрыйбасы: 01.08.2020-ж. – КРнын финансы министрлигинин алдындагы бюджеттик кредиттерди башкаруу агенттигинин башкаруу адиси,

07.06.2017-01.03.2018-жж.. – Панфилов райондук мамлекеттик адиминистрациясынын башчысы-аким.

09.12.2015-07.06.2017-жж. – КРнын айыл чарба жана мелиорация министрлигинин стат катчысынын м.а., министрдин кеңешчиси.

04.11.2013-01.06.2015-жж.. – Панфилов райондук мамлекеттик адиминистрациясынын аппарат жетекчиси.

17.072013-04.112013-жж.. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын башкы инспектору.

22.06.2012-02.02.2012-жж.. – КРнын жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин жетектөөчү адиси.

14.09.2010-20.10.2021-жж. – Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Панфилов райондук бөлүмүнүн башчысы.

18.01.2000-14.09.2009-жж.. – “Даймон Интернешнл Кыргызстан” ЖЧКнын сатып алуу менеджери, цех башчысы, менанын көзөмөлчүсү, тизме менеджери.

Класстык чиндер жана наамдар: Мамлекеттик кызматтын 3 класстагы кеңешчиси.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.