Кара-Көлдө банк күзөтчүсү ок чыгарды

Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында БТА банктын кызматкерлери жана аларды коштогон милиция асманга ок чыгарды. Ал гана эмес, жергиликтүү тургундар менен чырдашып,  жаңжалдашкан жарандын унаасына да ок аткан.

Бул туурасында Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматы кабарлады.

Окуя, 15-январда саат бирлер чамасында болгон. Отуздан өтүп калган эки киши БТА банкынын алдында “Жигули” жана  “Пассат” үлгүсүндөгү унаалары бузулуп калгандыктан, унаалардын биринен экинчисине ток өткөрүп, оңдоп жатышкан.

Ошол учурда коммерциялык банктын акча ташуучу унаасына бараткан төрт кызматкер жолду бошотуп коюуну суранышат. Ортодо пикир келишпестиктен чыр чыгып,банк күзөтчүсү унаада ири суммада акча болгондуктан коопсуздук үчүн ок чыгарганын айткан.

Ал эми дөңгөлөгүнө ок тийген тургун эч кимге доосу жок экенин билдирген. Учурда окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.