“Кара-Көл” көзөмөлдөө пунктунда мыйзамсыз акча чогултуу фактысы аныкталды

Ички иштер министрлигинин Аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери Жалал-Абад облусундагы “Кара-Көл” салмак габаритти контролдоо пунктунун мыйзамсыз акча чогултуу фактысын аныкташты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жүк ташуучу автоунаалардын айдоочулары  ички иштер органдарына арыз менен кайрылышып, салмак габаритти контролдоо пунктундагы  мыйзамсыз акча чогултуу фактылары бар экендигин жана акча каражатын чогултуу кадимки көрүнүшкө айлангандыгын айтышкан. Жогорудагы факты боюнча тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранышкан.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып,  ИИМдин Ош шаары боюнча тергөө кызматы тарабынан Жазык кодексинин 238-беренеси (мамлекеттик кызматкердин мыйзамсыз сыйлык акы алуусу) боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Натыйжада 2000 сом өлчөмүндөгү акча каражатын алып жаткан жеринен Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын салмак габаритти контролдоо пунктунун тескөөчүсү кармалган.

Учурда Ош шаарынын Тергөө кызматы сотко чейинки өндүрүш ишин жүргүзүп жатат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.