Кара алтындын баасын көрсөтпөгөн сатуучулар айыпка жыгылат

Кара алтындын баасын көрсөтпөгөндөр айыпка жыгылат. Бул тууралуу монополияны жөнгө салуу агенттигинин Ош шаары жана облусу боюнча бөлүмүн адиси Исматилла Сатинбаев билдирди.

Анын айтымында, ар бир көмүр сатылуучу жайда тараза менен бааны көрсөтүп турган жазмалар болушу керек. Эгерде ушул эрежелер аткарылбаса  административдик айып салынат.

Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо деген мыйзам бар. Мыйзамда кардарлар баа тууралуу  жана товардын килограммына чейин билип туруу керектиги белгиленген. Демек, сатуучуларда тараза, нарктын көрсөтмөлөрү болушу зарыл”-, деп кошумчалады Сатинбаев.

Учурда монополияны жөнгө салуу агенттиги сатуучуларга бул боюнча оозеки эскертүү берүүдө. Аткарбагандар аныкталса, 5 миң сомдон 15 миң сомго чейин акчалай айып салынат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген