Каныбек Осмоналиевдин байгесине арналган турнир аяктады

Борбор калаа Бишкекте 26-ноябрдан 29-ноябрга чейин оор атлетика боюнча эркектер жана кыз келиндер  арасында эл аралык турнир өткөрүлдү. Мелдеш олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиевдин байгесине арналган.

Ага Казакстан, Тажикстан, Голландия жана Кыргызстандан 200 дөн ашык  балбандары катышты. Турнирде жалпы 20 топтом медаль ойнотулду. Анда эркектер 55 кг дан 109 кг га чейинки он салмак категорияда, кыз келиндер 45 кг салмактан 87 кг га чейинки 10 салмак категорияда күч сынашышты.

Жыйынтыгында Казакстандык балбандар 16 алтын медаль менен жалпы эсепте  биринчи болду. Ал эми өлкөбүздүн атынан чыккан балбандар 3 алтын, 2 күмүш  3 коло медаль менен экинчи болду. Үч алтын медалды  Кадырбек Айтбек уулу, Бекдөөлөт Расулбеков жана Вячеслав Шайнуров колго киргизген.

Белгилей кетсек, Каныбек Осмоналиедин байгесине арналган эл аралык мелдеш Каба уулу Кожомкул атандагы спорт сарайында болуп, 31-жолу уюштурулду жана анын 65 жаш юбилейине туш келди. Каныбек Осмоналиев оор атлетика боюнча дүйнөнүн төрт, Европанын эки жолку чемпиону жана  1980-жылы Москвада өткөн Олимпиада да алтын медаль тагынган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген