Каныбек Исаков Билим берүү жана илим министри болду

Каныбек Исаков билим берүү жана илим министри болуп дайындалды. Өкмөт сунуштаган талапкерге депутаттардын 107си добушун берди.

Депутаттардын көпчүлүгү Исаковдун ОшМУдагы үзүрлүү эмгеги, прогрессивдүү чечимдерин белгилеп, эми министр катары билим берүү тармагын татыктуу жөндөй алат деген ишеничин билдирди. Алар жаңы министри биринчи кезекте көңул бурчу көйгөйлөрдү белгиледи — бул китептердеги каталар, кесиптик билим берүү,

Исаков Ош мамлекеттик университетин акыркы 8 жылдан бери жетектеп келген.

Мурдагы билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева берген арызы боюнча кызматтан кеткен. Анын тушунда китеп, аттестат-дипломдордогу каталар, тендердеги коррупция сыяктуу чуулуу иштер орун алды. Акыркы жолу Нарындагы контейнер-мектеп коомчулукта чоң талкууну жаратты.

Булак: Жебе

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген