Канттагы авиабазанын учкучтары Эдельвейс полигонунда бомба ташташып, машыгышты

Канттагы Бириккен Орусиянын аскердик базасынын Су-25 чабуулчу учагынын экипаждары Ысык-Көлдөгү “Эдельвейс” аттуу тоо кыркаларында жайгашкан полигондо бомба ташташты. Бул тууралуу авиабазанын Фейсбуктагы расмий баракчасында маалымдалды.

«FAB-250 аба бомбалары камуфляждалган жердеги буталарды туураган толук көлөмдүү буталарды жок кылуу үчүн колдонулган. Жалпысынан, учкучтар 40ка жакын бомбаны колдонгон, учуулар күндүз гана аткарылган “, – деп айтылат билдирүүдө.

Эске сала кетсек, орусиялык биргелешкен “Кант” авиабазасы Жамааттык тез жайгаштыруу күчтөрүнүн курамына кирет жана ЖККУ мамлекеттеринин аба мейкиндигинин коопсуздугун камсыздоого катышат. Кызматта Су-25 чабуулчу учактары жана Ми-8 тик учактары бар.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.