Кантта “Танк биатлону” боюнча чемпиондорду тосуп алышты

Кечээ, 6-сентябрь күнү кечинде Канттагы авиабазада 2021 -жылдагы Эл аралык “АРМИ-2021” аскер оюндарына катышкан Кыргызстандын аскер кызматкерлерин тосуп алуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу коргоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Аскер кызматкерлери “Танк биатлону” боюнча экинчи дивизионун чемпиону болушту.

Аларды коргоо министрлигинин өкүлдөрү куттукташты.

Бир жылдан кийин алар дүйнөдөгү эң мыкты танк экипаждарынын дивизиясында катыша тургандыгы тууралуу белгилүү болду.

Эми аскер кызматкерлери Ысык-Көлдө эс алышат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.