Кантка Орусиянын коргоо министрлигинин эки аскердик учагы менен Ооганстандан Кыргыз жарандары жеткирилди

Орусиянын коргоо министрлигинин аскердик транспорт авиациясынын (ВТА) эки учагы Ооганстандан эвакуацияланган кыргыз жарандарын Кант шаарынын аэродромуна жеткирди. Бул тууралуу орус коргоо министрлигинин сайтында маалымдалды.

Белгиленгендей, буга чейин башка учак менен Орусиянын коргоо министрлиги тажик жарандарын мекенине жеткирген.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин тапшырмасы боюнча Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Орусиянын, ЖККУга мүчө мамлекеттердин БТАнын учактары менен Ооган өлкөсүнүн аймагынан (Беларусь, Кыргызстан, Тажикстан), Өзбекстан жана Украинанын 500дөн ашуун жаранын эвакуациялоону уюштурду.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.