Кант диабети барлар үчүн коронавируска каршы эмдөө кайсыл учурда жүргүзүлөөрү айтылды

Бишкек шаарынын башкы штаттан тышкаркы эндокринологу Назгүл Абылова кант диабети менен ооруган жарандарга COVID-19 коронавирус инфекциясын жуктурбоо үчүн дарыгердин бардык сунуштарын аткаруунун маанилүүлүгү жөнүндө маалымат жыйынында билдирди.

«Диабет менен ооруган бейтаптар илдетти тез жуктуруп алуунун тобокелдиги бар, ошондуктан алар ар дайым дары ичип, кандагы канттын деңгээлин такай текшерип турушу зарыл. Оорунун белгилери байкалса, медициналык жардамга кайрылуусу керек. Эгер ооруга чалдыгып, ооруп жаткан болушса же ооруну женген болсо, анда вакцинаны алты айдан кийин гана алуу керек. Эгер азыркы учурда ооруп жатышса, анда айыкканга чейин эмдөөдөн өтпөө зарыл », – деди ал.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.